Россия Макронго каршылык көрсөттү

Дмитрий Медведев 22-мартта борбор шаар  Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракт тууралуу  Telegram каналынан билдирүү жасады.

2125731
Россия Макронго каршылык көрсөттү

Россиянын Коопсуздук Кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев Франциянын президенти Еммануэль Макрон жана айрым батыштык өлкөлөрдүн лидерлеринин Москвадагы  "Крокус Сити Холл"  аттуу концерттик залга жасалган террордук кол салуунун "кылмыш өнөктөшү" жана "демөөрчүлөрү" болгонун айтты. 

Медведев 22 - мартта борбор шаар  Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракт тууралуу  Telegram каналынан билдирүү жасады.

Сөз болуп жаткан террордук кыймылды жасагандардын кармалганына көңүлдөрдү бурган Медведев : «Бул шылуундар өз ишеними үчүн өлүүгө даяр диний фанаттар эмес,  аз акчага жалданып, үйрөтүлгөн киши өлтүргүчтөр»,-деди.

"Кол салуунун чыныгы уюштуруучуларынын Украина жетекчилери экендигин жана азыр да террордук уюм ДЕАШтын көлөкөсүнө жашырынгандыгын" айткан Медведев Франциянын президенти Еммунэль Макрон жана айрым батыштык өлкөлөрдүн жасалган кол салуунун "кылмыш өнөктөшү" жана "демөөрчүлөрү" экендигин айтты. 

Медведев: "Бул коркунучтуу террордук чабуулдун демөөрчүсү Макрон жана башка кээ бир батыш лидерлери экени  ачык. Бул кечирилгис нерсе. Бул жерде кол тийбестиктин артында жашырынууга болбойт.  Алар эми Россиянын душмандары", - деди. 

22-март күнү кечинде Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралчан адамдар тарабынан теракт жасалган.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөрдө кол салгандардын залда автоматтык куралдар менен туш келди ок аткандыгы көрүнүүдө. 

Террордук кол салууда каза болгондордун саны 144кө жеткени жарыяланды.

Кол салуу тууралуу ушул күнгө чейин  11 киши камалды. 

 

 



Тектеш кабарлар