Кытайда өлкө ичинде саякат өстү
Кытайдын Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, үч күндүк эс алууда өлкө ичинде 119 миллион саякат жасалды.
2125781
Кытайда салттуу Цинмин фестивалы белгиленгенде 4 - 6 - апрелде ички саякаттардын саны Ковид-19 чыкканга чейинки сандан ашты.
Кытайдын Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, үч күндүк эс алууда өлкө ичинде 119 миллион саякат жасалды.
Саякаттардын саны Ковид-19 чыкканга чейин 2019 - жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга өстү.
Эс алуу мезгилинде 53,95 миллиард юаньга (7,6 миллиард доллар) жеткен ички туризм кирешеси да 2019-жылга салыштырмалуу 12,7 пайызга өстү.
Кытай эли "Мүрзө шыпыруу күнү" деп аталган Цинмин майрамында карыларын эскерип, алардын мүрзөлөрүн зыярат кылып, тазалашат.