Хамас - Израиль ок атышпоо сүйлөшүүлөрү

Израилдин Газаны бомбалап жатканына 6 айдан ашты.

2125701
Хамас  -  Израиль ок атышпоо сүйлөшүүлөрү

Израилдин Газаны бомбалап жатканына 6 айдан ашты.

Гуманитардык кризис болуп жаткан Газада ок атышпоо качан ишке ашат деген суроого азырынча жооп жок.

Египеттин борбор шаары Каирде ок атышпоо жана туткундарды алмашуу аракеттерине ылайык сүйлөшүүлөр кайрадан башталат.

Египет маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөргө АКШнын  Тышкы чалгындоо кызматы ЦРУнун директору Уильям Бернс, Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани, Израиль жана Палестина каршылык кыймылынын Хамас делегациялары катышат.

Хамастын сүйлөшүүлөргө байланыштуу билдирүүсүндө, туруктуу ок атышпоо үчүн Израиль армиясынын Газадан чыгарылуусу шарты дагы бир жолу белгиленди.

Билдирүүдө жер которгон палестиналыктардын кайтарылышы, эркин жүрүү, жарандарга жардам, коргоо жана олуттуу туткун алмашуу келишими талап кылынганы баса белгиленди.

Ок атышпоо жана туткун алмашуу келишими тууралуу топтун Хамаста эмес, Газанын басып алынышын талап кылган Израилде  экендиги белгиленди.

 



Тектеш кабарлар