Газада каза болгондордун саны 33 миңден ашты

25-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Рамазан айында ок атышууну токтотуу чечимин кабыл алган.

2125573
Газада каза болгондордун саны 33 миңден ашты
gazze.jpg

Израиль Газа тилкесине өлүм жаадырууну улантууда.

25-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Рамазан айында ок атышууну токтотуу чечимин кабыл алган.

Бирок Израиль бул чечимге баш ийбей, чабуулдарын улантты.

2023-жылдын 7-октябрынан бери Израиль армиясы Газада өлтүргөн палестиналыктардын саны 33 миңден ашты. 75 миңден ашуун адам жаракат алды.

Газалыктар саламаттыкты сактоо жана дары-дармекке жетүүнүн чектелгендигинен жапа чегип жатышат.

Рефах шаарында иштеген бир нече оорукана жаңы келген бейтаптарды дарылоого жетишсиз калууда.

Рефах шаарындагы бөйрөк оорулуулар ооруканаларда орун жетишсиздигинен улам бакыт үйүнө которулду.

Газада эл аралык гуманитардык кызматкерлердин өлтүрүлүшүнүн кесепеттери уланууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Израилдин эл аралык жардам агенттигинин 7 кызматкеринин өлтүрүлүшүнөн кийин чогулду. Жыйында Израилдин чабуулу сынга алынды.

Израилдин армиясы жоопкерчиликти мойнуна алды. Ал 2 улук офицерди кызматтан алды.

Бирок Израилдин ашынган оңчул министри Бен-Гвир кызматтан алууларга каршы чыгып: «Жаңылыш болсо да, аскерлер жоопко тартылбашы керек»,-деди.

Америка Кошмо Штаттары болсо гуманитардык жардам кызматкерлеринин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Израиль тарабынан жарыяланган отчетту жетиштүү деп таап, «көз карандысыз иликтөө планыбыз жок» деп билдирди.



Тектеш кабарлар