Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар Кадыр түндү тосушту

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Кадыр түнгө арналган программалар уюштурулду.

2125513
Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар Кадыр түндү тосушту
kerkuk kadir gecesi.jpg
kerkuk kadir gecesi kuran.jpg
kuveyt kadir gecesi.jpg
misir kadir gecesi.jpg
kirgizistan kadir gecesi.jpg

Миң айдан да жакшыраак болгон Кадыр түн дүйнө мусулмандарын бириктирди.

Босния-Герцеговина, Косово, Грузия, Азербайжан жана Грециядагы мусулмандар Кадыр түндү шыктануу менен тосуп алышты.

Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараеводогу тарыхый Гази Хүсрев Бей мечитинде Кадыр түн программасы өткөрүлдү.

Тарыхый мечиттин короосуна чогулган мусулмандар колдорун асманга көтөрүп дуба кылышты.

Жарандар намаз менен балкыды.

Грузиядагы Кадыр түн программаларынын дареги борбор Тбилиси болду.

Тбилисидеги жума мечитине мусулмандар агылып келишти.

Косоводо НАТОнун Тынчтык күчтөрүнүн алкагында кызмат өтөгөн түрк аскерлери да Кадыр түндөн улам ифтар берди.

Призрендеги ифтар программасына түрк расмийлери менен 300гө жакын косоволук катышты.

Азербайджандын борбору Бакуда жана Грецияда «Кадыр түнү» программалары уюштурулду.

Түрк коомчулугу Батыш Фракиянын ар кайсы жеринде чогулуп, ынтымак жана биримдикте намаз окуп, ифтар өткөрүштү.

Гүмүлжинеде түрктөр жыш жашаган Кырмахалледе 2500 киши үчүн ифтар программасы уюштурулду.

Программага парламенттин депутаттары жана мэрлер да катышты.

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Кадыр түнгө арналган программалар уюштурулду.

Иш-чараларга ахыска түрктөрү жана кыргыздар активдүү катышты.

Германияда Дин иштери Түрк-Ислам Биримдигине (DİTİB) караштуу мечиттерде Кадыр түн үчүн программа уюштурулду.

Кёльн борбордук мечитиндеги программада мусулмандар дүйнөнүн ар кайсы аймактарында азап чегип, көзүнө жаш алган мусулмандар үчүн дуба кылышты.

Бириккен Араб Эмирликтериндеги мусулмандар да борбор шаар Абу-Дабидеги Шейх Заид мечитине келип, Курани Карим түшүрүлө баштаган жана «миң айдан да артык» деп эсептелген Кадыр түндү өткөрүү үчүн дуба кылышты.

Кениядагы мусулмандар да борбор шаар Найробидеги Жамия мечитине келип, намаз окушту.

Он миңдеген палестиналык Израиль басып алган Чыгыш Кудстагы Масжид аль-Аксага агылды.

Ирактын борбор шаары Багдаддагы мусулмандар Кадыр түндү майрамдоо үчүн Азамие аймагындагы Ассаф мечитине келип, Куран окуп, дуба кылышты.

Кадыр түн Египет, Кувейт жана Ливанда кызуу катышуу менен белгиленди.



Тектеш кабарлар