Газа каза болгондордун саны 33 миң 91ге жетти

Израиль армиясынын 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 91ге жетти.

2125399
Газа каза болгондордун саны  33 миң  91ге жетти

Израиль армиясынын 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 91ге жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы катчысы Ашраф аль-Кудра Израилдин Газа тилкесине 182 күндөн бери жасаган кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Кудра Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесине акыркы 24 саатта жасаган кол салууларында дагы 54 палестиналыктын каза болгонун, 82 палестиналыктын жараланганын белгиледи.

Израилдин 7 - октябрдан Газа тилкесине жасаган кол салууларында  каза болгондордун санынын 33 миң 91ге жеткенин белгилеген Кудра жаралуулардын саны 75 миң 750 экендигин билдирди.  

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Кудра урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле каза болгондордун бар экенин, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу кызматкерлери сөөктөргө жете албай жатканын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар