Газада түнкүсүн жардам таратууга тыныгуу берилди

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында, Газадагы абалга байланыштуу билдирүү жасады.

2124564
Газада түнкүсүн жардам таратууга тыныгуу берилди

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газада түнкүсүн жардам таратуунун коопсуздук абалын текшерүү үчүн 48 сааттык тыныгуу берилгенин жарыялады.  

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында, Газадагы абалга байланыштуу билдирүү жасады.

World Central Kitchen (WCK) кызматкерлери Израиль тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин түнкү жардамга 48 сааттык тыныгуу берүү чечимин чыгаргандарын айткан Дюжаррик, тыныгуу учурунда коопсуздук көйгөйлөрүнүн жана алардын БУУнун кызматкерлерине тийгизген таасирлеринин карала турганын маалымдады.

Стефан Дюжаррик «Адамдар өлүп жатат. Ачарчылык жакындагандыктан гуманитардык жардамдар жана кызматкерлер Газада эркин жана коопсуз кыймылдай алышы керек»,- деп эскертти.

Гуманитардык жардам тоскоолдуктарынын муктаж болгондорго жетүүсүнө бөгөт болуудан тышкары ресурстардын керексиз башка багыттарга өтүшүнө да алып келгенин айткан Дюжаррик, WCK жана башка топтордун жардам операцияларын токтотуу чечиминин түшүнүктүү экенин, бирок мунун элге түздөн-түз таасир эткенин билдирди.

БУУнун басма сөз катчысы: «Тамак бышпаса, муктаж адамдар да жей албайт»,- деди.

Израилдин 1-апрелде Газанын Дейр ал-Белах аймагына кол салуусунда эл аралык жардам уюму WCKнын 7 кызматкери каза болгон.  



Тектеш кабарлар