Зимбабведе улуттук апаат жарыяланды

Мнангагва, кургакчылыктын кесепеттерин жоюу үчүн 2 миллиард доллар керек экенин айтты.

2124329
Зимбабведе улуттук апаат жарыяланды

Зимбабвенин президенти Эммерсон Мнангагва, өлкөнүн жалпысына таасир эткен кургакчылыктын себебинен "улуттук апаат абалын" жарыялады.

Мнангагва, климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан кургакчылыкка каршы мыйзамдуу чаралардын көрүлүшү керектигине басым жасады.

Президент Мнангагва: «Эль-Нино аба ырайы кубулушу себеп болгон кургакчылыктын айынан улуттук апаат абалын жарыялайм»,-деди.

Өлкөсү дан тартыштыгына туш болгондуктан импортко артыкчылык бере турганын билдирген Мнангагва, Руанда менен Конго Демократиялык Республикасына жүгөрү жана буудай экспортунун болсо токтотулганын кабарлады.

Мнангагва, кургакчылыктын кесепеттерин жоюу үчүн 2 миллиард доллар керек экенин айтты.



Тектеш кабарлар