Палестина БУУга толук мүчө болуу үчүн дагы бир жолу кайрылды

Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу Рияд Мансур Палестинанын БУУга толук мүчөлүк тууралуу жакы бир кат жиберди.

2123987
Палестина БУУга толук мүчө болуу үчүн дагы бир жолу кайрылды

Палестина мамлекетинин социалдык медиа платформасы Хтен кайрылуу катынын көчүрмөсү да орун алган билдирүүсүндө : "Бүгүн Палестина мамлекети Палестина лидерлигинин көрсөтмөсү менен баш катчыга "Антонио Гутерреш) мүчөлүк кайрылуусунун кайрадан каралып чыгышын талап кылган бир кат жөнөттү",- деп айтылды. 

Гутеррешке кайрылуу менен жазылган катта Мансурдун : "2011 -  жылдын  23 -  сентябрдагы S/2011/592  документинде орун алган Палестина мамлекетинин БУУга мүчөлүк кайрылуусуна байланыштуу жана Палестина лидерлигинин көрсөтмөсү менен бул кайрылуунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан апрель айында кайрадан каралып чыгылышын талап кылуудан сыймыктанам",- деп айтылды. 

Мансур катта сөз болгон талаптын мүмкүн болушунча эң кыска убакытта БУУнун Коопсуздук Кеңешине билдирилишин суранды. 

Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу Мансур 2022-жылдын 26-июлунда Коопсуздук Кеңешинде толук мүчөлүккө байланыштуу сөзүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2016 - жылы  23 -  декабрда кабыл алган No2334 токтому менен Палестинанын жеринин бүтүндүгүнүн БУУ тарабынан таанылганын эске салган жана ушунун негизинде толук мүчөлүк статусунун бекитилишин каалаган.  

Чечим  Израилдин Чыгыш Кудс да болгон 1967 -  жылдан бери оккупацияга алган Палестина жерлеринде отурукташуу жерлерин курушунун мыйзамсыз экендигин аныктаган жана Израилди оккупация астындагы Палестинанын жерлеринде толук отурукташуу ишерин дароо токтотууга чакырган.

БУУга мүчө болбогон Палестинанын  193 мүчөлүү уюмда "мүчө болбогон байкоочу мамлекет" статусу бар. 

2012-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Палестинанын статусун "байкоочу уюмдан" "мүчө эмес байкоочу мамлекетке" жогорулаткан.

Палестинанын БУУга толук  мүчө болушу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин макулдугу талап кылынат, андан кийин БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү өткөрүлөт.

Палестина  2011 - жылы да БУУга толук мүчөлүк үчүн кайрылган бирок бул арыз БУУнун Коопсуздук Кеңешинде керектүү колдоону ала алган эмес.

 



Тектеш кабарлар