Израилдин президенти менен Башкы штабдын төрагасы World Central Kitchen уюмунан кечирим сурашты

Израилдин Президенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Герцогдун WCKнын негиздөөчүсү Хосе Андрес менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

2124172
Израилдин президенти менен Башкы штабдын төрагасы World Central Kitchen уюмунан кечирим сурашты

Израилдин президенти Исхак Герцог менен Башкы штабдын төрагасы Херци Халеви армиянын Газа тилкесине кол салуусунда кызматкерлери каза болгон World Central Kitchen (WCK) аттуу эл аралык жардам уюмунан кечирим сурашты.

Израилдин Президенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Герцогдун WCKнын негиздөөчүсү Хосе Андрес менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

Сүйлөшүүдө Герцогдун WCK кызматкерлеринин Израилдин кол салуусунда өлтүрүлүшүнөн улам терең кайгырганын жана "чын жүрөктөн кечирим сураганын" билдиргени кабарланды.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айткан Герцогдун, кол салууга байланыштуу «ар тараптуу иликтөө үчүн чечкиндүүлүгүн» ​​сөз кылганы маалымдалды.

Башкы штабдын төрагасы Халеви болсо «чоң жаңылыштык» деп мүнөздөгөн кол салууга байланыштуу видео билдирүүсүндө WCKдан кечирим сурады.

Халеви кол салуунун атайылап жасалбаганын жактап: «Ачык айткым келет; абадан кол салуу WCK жардам кызматкерлерине зыян келтирүү максатында жасалган эмес. Бул өтө татаал шарттарда согуш учурундагы туура эмес аныктоодон кийинки жаңылыштык. Мындай болбошу керек эле»,-деди.

Израилдин 1-апрелде Газанын Дейр ал-Белах аймагына кол салуусунда эл аралык жардам уюму WCKнын 7 кызматкери каза болгон.



Тектеш кабарлар