Израиль Газада дагы 2 журналистти өлтүрдү

Газадагы өкмөттүн басма сөз кеңсесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Израилдин кол салуулары башталган 7-октябрдан бери Газа тилкесинде каза болгон журналисттер тууралуу маалымат берилди.

2124317
Израиль Газада дагы 2 журналистти өлтүрдү

Израиль армиясынын Газа тилкесинде жасаган кол салууларында дагы 2 журналист каза болду.

 Газадагы өкмөттүн басма сөз кеңсесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Израилдин кол салуулары башталган 7-октябрдан бери Газа тилкесинде каза болгон журналисттер тууралуу маалымат берилди.

"Кудс үнү" радиосунда алып баруучу жана редактор болуп иштеген Мухаммед ес  -  Сеййид Эбу Сахил менен санариптик редактору Тарык ес  - Сеййид Эбу Сахилдин Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги Шифа ооруканасына карата рейдде каза болгону белгиленди. 

Билдирүүдө 7 -  октябрдан бери Газа тилкесинде өлтүрүлгөн журналисттердин саны  140ка жеткени билдирилди. Басма сөз кеңсесинен буга чейин берилген маалыматта Израилдин Газада журналисттерди "Палестинанын үнүн өчүрүү, чындыктарды жашыруу, кабар жана маалыматтардын аймактык жана эл аралык коомчулукка жеткирилишине тоскоол болуу максатында атайын өлтүрүлдү»,- деп айтылган. 

 

 



Тектеш кабарлар