Гутерриш Израилге каршылык көрсөттү

Антониу Гутерриш X социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

2124026
Гутерриш Израилге каршылык көрсөттү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Газа тилкесиндеги Израиль кол салууларында гуманитардык жардам кызматкерлеринин өлтүрүлүшүн «абийирсиздик» деп сыпаттады.

Антониу Гутерриш X социалдык медиа баракчасынан темага байланыштуу билдирүү бөлүштү.

Израилдин үрөй учурган аба соккуларынын натыйжасында Газада World Central Kitchen (WCK) кызматкерлеринин каза болгонун эске салган Гутерриш: «Муну менен бирге бул (7-октябрдан бери уланып жаткан Израиль-Хамас) кагылышууда өлтүрүлгөн гуманитардык жардам кызматкерлеринин саны 196га жетти»,-деди.

Гутерриш алардын 175инин БУУнун кызматкерлери экенин, гуманитардык жардам кызматкерлеринин өлтүрлүшүүнүн абийирсиздик экенин айтты.

Израилдин Газанын Дейр ал-Белах аймагына кол салуусунда эл аралык жардам уюму WCKнын 7 кызматкери каза болгон.



Тектеш кабарлар