Блинкен француз кесиптеши менен маалымат жыйынын өткөрдү

Расмий сапар менен Францияга барган Энтони Блинкен француз кесиптеши Стефан Сежурн менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Киевдин НАТОго кабыл алынышы тууралуу сөз кылды.

2123956
Блинкен француз кесиптеши менен маалымат жыйынын өткөрдү

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын акыры НАТОго мүчө болорун, бирок мунун так жол картасынын азыртадан аныкталышы керектигин айтты.

Расмий сапар менен Францияга барган Энтони Блинкен француз кесиптеши Стефан Сежурн менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Киевдин альянска кабыл алынышы тууралуу сөз кылды.

Блинкен: «Союздаштар Вильнюс саммитинде (июлда) айткандай, Украина НАТОго мүчө болот. Эми биз үчүн маселе бул үчүн так жана түшүнүктүү жол картасын аныктоодо турат. Ал эми НАТОнун 75 жылдыгына карата (июнь айында) өтө турган саммитте бул жол картасын же Украинанын НАТОго мүчө болушуна шарт түзө турган көпүрөнү кантип түзө аларыбызга басым жасалат деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар