Беларусь аскердик машыгуу өткөрүүдө

Гомель шаары менен Гродно шаарында 3 күн бою аскердик машыгуу өткөрүлө турганы айтылды.

2124263
Беларусь аскердик машыгуу өткөрүүдө
belarus tatbikat.jpg

Беларустун Куралдуу күчтөрү, Орусия жана Украина, ошондой эле Литва жана Польша менен чектеш аймактарда үч күндүк аскердик машыгууларын баштады.

Беларустун Коргоо министрлигинин Telegram аккаунтундагы билдирүүдө, Орусия жана Украина чек арасындагы Гомель шаары менен Литва жана Польша чек арасындагы Гродно шаарында 3 күн бою аскердик машыгуу өткөрүлө турганы айтылды.

Билдирүүдө чек ара аймактарындагы машыгуунун максатынын бул аймактарды кол салуу ыктымалдыгынан коргоо жана аскердик абал чараларын ишке ашырууга даярдык көрүү экени белгиленди.

Беларусь 2022-жылдын 24-февралынан бери Орусия-Украина согушунан улам эл аралык коомчулук айыптоо жана санкцияларга кайрылып жаткан мезгилде Москвага дипломатиялык колдоо көрсөткөнү жана аскердик кызматташтыкты улантканы үчүн АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн сынынын бутасы болууда.  



Тектеш кабарлар