Путин: «Кылмышкерлерди жана алардын артында тургандарды табабыз»

Путин борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Орусиянын Ички иштер министрлигинин жыйынында сөз сүйлөп, 22-мартта Москвада концерттик залда болгон террордук кол салууга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

2123907
Путин: «Кылмышкерлерди жана алардын артында тургандарды табабыз»

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвадагы теракттын бардык күнөөкөрлөрүн жана бул кылмыштан пайда көргөндөрдү таба тургандарын айтты.

Путин борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Орусиянын Ички иштер министрлигинин жыйынында сөз сүйлөп, 22-мартта Москвада концерттик залда болгон террордук кол салууга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Орусияда мыйзамсыз иммиграция темасынын маанилүү экенине көңүл бурган Путин:«Мындай кылмыштарды жасаган топтордун, кээде чыныгы кылмыштуу уюмдарга да жолугуп калабыз, көбүнчө чек аранын тышында түзүмү бар жана чет элдик атайын кызматтар менен эриш-аркак иштешет»,-деп айтты.

Террордук кол салуунун Орусиядагы башка улуттарга багытталбашы керектигин баса белгилеген Путин: «Кайгылуу окуядан (Москвадагы террордук кол салуудан) пайдаланып, улуттар аралык келишпестикти, ксенофобияны, мусулмандарга каршы душмандык (исламофобия) жана ушул сыяктуу нерселерди пайда кылуу кабыл алынбайт»,-деди.

Кол салуунун артында тургандар менен кошо бардык кылмышкерлердин кармалышы керектигин белгилеген Путин : «Биз үчүн чынжырдын бардык шакекчелерин ачыкка чыгаруу маанилүү, бул кылмышты жасагандар да, пайда көргөндөр да. Алардын баарын сөзсүз табабыз»,-деп айтты.

22-март күнү кечинде Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында куралчан адамдар тарабынан теракт жасалган.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөр кол салгандардын залда автоматтык курал менен туш келди ок чыгарганын көрсөттү.

Террордук кол салууда каза болгондордун саны 144кө жеткени жарыяланды.

Кол салууга байланыштуу 10 киши камакка алынды.



Тектеш кабарлар