Норвегия аскер санын көбөйтө тургандыгын билдирди

Коргоо министри Бьорн Арилд Грам билдирүүсүндө, армияда кесипкөй тажрыйбага ээ болгон дагы көп кишиге  муктаж экенин айтты.

2123874
Норвегия аскер санын көбөйтө тургандыгын билдирди

Норвегия өкмөтү  аскерлердин санын көбөйтө турганын жарыялады.

Коргоо министри Бьорн Арилд Грам билдирүүсүндө, армияда кесипкөй тажрыйбага ээ болгон дагы көп кишиге  муктаж экенин айтты.

Министр Грам : «Керектүү учурда,  керектүү жөндөмгө ээ адамдар жетиштүү болушу керек", - деди

Аскердик кызматка кирүү деңгээлинин жыл сайын акырындык менен жогорулай турганын белгилеген Грам, борбор шаар Ослонун түндүгүндө жайгашкан Тернингмоен шаарындагы армия объектисине жүз миллиондогон доллар инвестиция сала тургандарын белгиледи.

Норвегиянын НТБ маалымат агенттиги учурда 9 миң болгон аскер санын 2036 - жылы 13 миң 500гө жеткирүүнү максат кылганын белгиледи.

Өлкөдө аскердик кызмат мажбур болгонуна карабастан аскерлер онлайн баа берүүдөн кийин физикалык тестирлөө аркылуу алынат.

Дания да март айында өлкөдө аялдарды милдеттүү аскердик кызматка тартуу жана кызмат мөөнөтүн 4 айдан 11 айга чейин көбөйтүү менен курал астындагы жаштардын санын көбөйтүүнү каалагандарын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар