Маргарита Симонян геноцид менен айыпталууда
Украинанын Коопсуздук кызматы Russia Todayдин башкы редактору Маргарита Симонян тууралуу кылмыш ишинин козголгондугун билдирди.
Украинанын Коопсуздук кызматы орус телеканалы Russia Todayдин башкы редактору Маргарита Симонян тууралуу Украинада кылмыш иши козголгонун жана ага карата бир катар айыптар, анын ичинде геноциддин бар экендигин билдирди.
Украинанын Коопсуздук кызматы : "Симонянга каршы документалдуу айыптоолордун арасында декабрь айында Украинада балдардын өлтүрүлүшүнө карата чакырыктар жана Украинанын жарандык инфраструктурасын бомбалоону улантууга үгүттөө бар", - деп билдирди.
Билдирүүгө караганда Маргарита Симонянга ошондой эле "геноцид", "Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузуу аракети", "согуш үгүттөө" жана "Россия Федерациясынын Украинага каршы агрессиясын актаган" деген айыптар тагылууда.
Украинанын Коопсуздук кызматы "кылмышкерди жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү чаралардын көрүлгөнүн, Россия Федерациясынын аймагында соттолбой турганын" жарыялады.
Бул билдирүүгө жооп катары Симонян өзүнүн Telegram каналында айыптоолордун чет өлкөгө чыгуусуна жол бербөө жана “өлтүрүлө турган болсо” адам өлтүрүүнү актоо үчүн багытталгандыгын жазды.
Тектеш кабарлар
Евровидениеде Израилге реакциялар
Израилдик ырчы Эден Голан 11-майда "Евровидение" сынагынын жарым финалында ат салышат.