Дамаскта Ирандын 2 аскери жана 5 жооптуусу өлтүрүлдү

Төңкөрүш Гвардиясы Ирандын Дамасктагы консулдук имарнатына жасаган кол салуусу тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

2123463
Дамаскта  Ирандын  2 аскери жана  5 жооптуусу өлтүрүлдү

Иран Төңкөрүш Гвардиясы  Дамасктагы дипломатиялык миссиясына "Израилдин жасаган" кол салуусунда  2 генерал да араларында болгон  7 кишинин каза болгондугун жарыялады. 

Төңкөрүш Гвардиясы Ирандын Дамасктагы консулдук имарнатына жасаган кол салуусу тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады. 

Билдирүүдө Израилдин Ирандын Дамаск элчилигинин кампусунда жайгашкан консулдук имаратына ракеталык кол салуу жасаганы, 2 бригада генералы жана 5 кызматкердин каза болгондугу белгиленди.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, кол салууда 7 ирандык "аскердик кеңешчи" менен 6 сириялык жаран каза болду.

Кол салууда каза болгондордун жалпы санынын 13 болгону белгиленди.

Ирандын Дамаск элчиси Хусейн Акбари Израилдин Дамасктагы Иран элчилигинин  консулдук имаратын Ф  - 35 аскердик   учактарынан атылган 6 ракета менен бутага алганын жарыялады. Акбари өлкөсүнүн Израилдин кол салуусуна "тез, түз жана күчтүү" жооп берерин айтты.

Акыркы айларда Ирандын Сириядагы буталарына бир нече жолу абадан сокку урган Израиль азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок Израиль армия радиосунун кабарында кол салууда каза болгондордун барынын ирандык аскердик кызматкерлер экени жана ирандык дипломаттарга зыян келтирилбегени белгиленди.

Бир тараптан Сириянын тышкы иштер министри Фейсал ал-Микдад кол салууга дуушар болгон Дамасктагы Иран элчилигинин имаратын зыярат кылып, ирандык кесиптеши Хусейн Эмир Абдуллахиян менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Бул жерде басма сөзгө билдирүү жасаган сириялык министр : "Бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себеп болгон бул террордук кол салууну катуу айыптайбыз. Сирия Ирандын жанында болууну улантат. Израилдин бул кол салуусу  Газадагы Палестина элине каршы жүргүзгөн согуштагы ийликсиздигинин далили»,- деди. 



Тектеш кабарлар