Түркмөн уруусунун лидери өлтүрүлдү, ПККнын кылмыштуулугу...

Ирак түркмөн фронту Ирактын премьер-министринен кол салууну иликтөөнү суранды.

2123135
Түркмөн уруусунун лидери өлтүрүлдү, ПККнын кылмыштуулугу...

Түркмөн уруусунун лидери Хусейн Аллуш Ирактын Сулейманийе шаарында учкучсуз учуучу аппарат менен жасалган террордук кол салууда каза болду.

Ирак түркмөн фронту Ирактын премьер-министринен кол салууну иликтөөнү суранды.

Хүсейин Аллуштун өлүмүнө байланыштуу Ирак түркмөн фронтунун төрагалыгынан жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө, Кифри районундагы Бейатлы уруусунун башчысы Аллуштун учкучсуз учуучу аппарат менен бутага алынган террордук кол салуу катуу айыпталып: «Түздөн-түз түркмөндөрдү бутага алган бул кол салуу, ошондой эле Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусунун парламенттик шайлоосунун жакындашы менен Кифринин компоненттеринин коопсуздук абалын, ырааттуулукту жана бир туугандык жанаша жашоону бузууну максат кылган кооптуу көрсөткүчкө ишарат кылууда»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Ирактын премьер-министрин жана ИКАБ өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин Кифри аймагында коопсуздукту камсыз кылуу, террордук уюмдарды жок кылуу жана жарандардын өмүрүн коргоо үчүн тез аранын ичинде чара көрүүгө чакырып: «Бул террордук окуянын жана анын артында турган кылмышкерлердин ачыкка чыгышы үчүн шашылыш иликтөө башталышын жана күнөөлүүлөрдү өз жазасын алуу үчүн жоопкерчиликке тартуунун маанилүүлүгүн билдиребиз»,делди.

«Ирак түркмөн фронту Ирактагы түркмөн элин коргоо учун улуттук күрөшүн уланта тургандыгын жана туркмөн элинин кимдигине жана адилеттүү ишине дагы да чечкиндүү жана берилгендигин ырастайт»,деген билдирүүлөр камтылган.

Ошол эле учурда Керкүктүн депутаты Эршат Салихи, Хүсейин Аллуштун учкучсуз учуучу аппарат менен өлтүрүлүшүнүн артында жикчил террордук уюм ПККнын турганын жарыялады.

«ПККнын бандалары Иракта пландуу түрдө түркмөн жарандарынын канын төгүп жатышат»,-деп айткан Салихи, террордук уюмду аймактан чыгаруу үчүн Күрдистан патриоттук биримдигин олуттуу тилектештикке чакырды.



Тектеш кабарлар