Москвадагы теракттын куйругу кайда баратат?

Коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө, 31-мартта Орусия Федерациясынын Дагестан Республикасында жүргүзүлгөн операция менен Каспийск шаарындагы террордук актка даярданган 4 чет элдик жаран турган уя үйү тинтилип, алардын аракеттерине бөгөт коюлганы айтылды.

2123307
Москвадагы теракттын куйругу кайда баратат?

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Дагестанда жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Москвадагы Crocus City Hall концерттик залындагы терактка акча жана курал-жарак берген деп шектелген 4 чет элдик жаран кармалганын билдирди.

Коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө, 31-мартта Орусия Федерациясынын Дагестан Республикасында жүргүзүлгөн операция менен Каспийск шаарындагы террордук актка даярданган 4 чет элдик жаран турган уя үйү тинтилип, алардын аракеттерине бөгөт коюлганы айтылды.

Билдирүүдө,«Ошондой эле кармалган согушкерлер 22-мартта Москвадагы Crocus City Hall концерттик залында жасалган теракттын катышуучуларын каржылык жана курал-жарак менен камсыздоого түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталды»,деген сөздөр камтылган.

Билдирүүдө шектүүлөрдүн Дагестанда сөз болгон аймакта чалгындоо иштерин жүргүзүшкөнү, бул адамдар тарабынан даярдалган колго жасалган жардыргыч заттар менен автоматтык куралдардын колго түшүрүлгөнү, шектүүлөрдүн террордук кол салуудан кийин дароо Орусиядан чыгып кетүүнү көздөгөндөрү белгиленди.

22-март күнү кечинде Орусиянын борбору Москва шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралчан адамдар тарабынан теракт жасалган.

Социалдык медиада бөлүшүлгөн видеолордо кол салгандардын залда автоматтар менен туш келди ок чыгарганы байкалды.

Террордук кол салууда 144 адамдын өмүрү кыйылганы жарыяланды.

Москванын Басманный райондук соту кол салууга байланыштуу судьянын алдына чыгарылган 9 шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарды.



Тектеш кабарлар