Израилде Нетаньяхуга каршы митингдер

Нааразылык акциялары ишембиден кийин жекшемби күнү кечинде да уланды.

2123008
Израилде Нетаньяхуга каршы митингдер

Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнө каршы жана Газа тилкесиндеги израилдик туткундардын үй-бүлөлөрүн колдоо үчүн уюштурулган массалык митингдерге жүз миңден ашуун адам катышып, Батыш Кудста демонстранттар авто жолдо унаа кыймылын токтотуп, полиция менен тирешти.

Нааразылык акциялары ишембиден кийин жекшемби күнү кечинде да уланды.

Митингдердин чордону Израилдин парламенти жайгашкан Батыш Кудс болду. Газа тилкесиндеги израилдик туткундардын жакындарынын тарапкерлери жана Нетаньяху өкмөтүнүн кызматтан кетишин талап кылган 100 миңден ашуун адам парламенттин айланасындагы жолдорду жана аянттарды толтурду.

Нетаньяхуга каршы нааразылык билдирген топтор премьер-министрге кайрылып, «Сен жооптуусуң, сен күнөөлүүсүң», «(Туткун алмашуу) келишими азыр ишке ашсын», «Дароо шайлоо өтсүн» сыяктуу ураандарды чакырып, өкмөттүн кетүүсүн талап кылышты.

Батыш Кудс менен бирге борбор Тель-Авив, Нетаньяхунун жеке резиденциясы жайгашкан Кесария жана түндүктөгү Кфар Саба шаары сыяктуу ондогон жерде өткөрүлгөн демонстрацияга миңдеген киши катышты.

Нааразычылык акциялары уланып жатканда өткөргөн маалымат жыйынында Нетаньяху, эрте шайлоо талаптарынын Израилди 8 ай бою «шал кылаарын» жана «бул абалдан эң көп Хамастын ыраазы болорун» жактаган.



Тектеш кабарлар