Түндүк Кавказда терроризмге каршы күрөш

Орусияга караштуу Дагестан Республикасында антитеррордук операция жүргүзүлдү.

2122725
Түндүк Кавказда терроризмге каршы күрөш

Орусияга караштуу Дагестан Республикасында террордук уюм ДЕАШ менен байланышы бар делген үч шектүү кармалды.

Улуттук антитеррордук комитет,«Бир катар террордук актыларды жасоону пландап жаткан үч шектүүнү күч органдары кармашты. Шектүүлөр жаткан жерлерди тинтүү учурунда автоматтар, ок-дарылар жана колдонууга даяр жардыруучу заттар табылды»,делди.

Жекшемби күнү эртең мененки саат 05.30га карата Каспийск шаарында жана Махачкаланын айрым райондорунда антитеррордук операция башталган.

Операция аймагы курчоого алынып, тургундарга жол кыймылы чектелди. Операция чак түштө токтотулганы маалым болду.

Март айынын башында орус администрациясы Ингушетия Республикасында антитеррордук режимди жарыялап, Карабулактагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги операцияда «террорчулар тобу» жок кылынган, ал эми Улуттук антитеррордук комитет каза болгондордун ДЕАШтын мүчөлөрү болгондугу тууралуу жарыялаган.



Тектеш кабарлар