Перуда президенттин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, прокурордун коштоосунда полиция Болуартенин борбор шаар Лимадагы үйүнө кирип, жарыя кылынбаган кымбат сааттарды издеген.

2122806
Перуда президенттин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

Перуда Улуттук полиция коррупция боюнча иликтөөнүн алкагында президент Дина Болуартенин үйүн тинтүүгө алды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, прокурордун коштоосунда полиция Болуартенин борбор шаар Лимадагы үйүнө кирип, жарыя кылынбаган кымбат сааттарды издеген.

Болжол менен 5 саатка созулган издөө иштери боюнча бийликтер азырынча кеңири билдирүү жасай элек.

Мүлккө кирүүгө уруксат берилбегендиктен, прокуратуранын көрсөтмөсү менен коопсуздук кызматкерлери үйдүн эшигинин кулпусун талкалап салышкан.

Полициянын тинтүүсү учурунда президент Болуартенин үйдө болбогону ортого салынды.

Бир тараптан премьер-министр Густаво Адрианзен бул темага байланыштуу билдирүүсүндө тинтүүгө каршылык көрсөтүп: «Мен болгон окуяга ачууланып жатам, бул түнү президентти жана ал өкүлчүлүк кылган кызматты сыйлабагандык»,-айтты.

«Rolexgate» деп аталган коррупциялык иликтөөнүн алкагында бир канча убакыттан бери иликтөө жүргүзүп жаткан прокуратура, Болуартенин мыйзамсыз байыганына байланыштуу билдирүүлөрдү иликтөөдө.



Тектеш кабарлар