Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израиль армиясы 177 күндөн бери Газа тилкесине чабуулун улантууда.

2122784
Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери уланткан кол салууларында каза болгондордун саны 32 миң 782ге, жаралуулардын саны болсо 75 бин 298ге көтөрүлдү.

Израиль армиясы 177 күндөн бери Газа тилкесине чабуулун улантууда.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине акыркы 24 саатта 8 жолу кол салганы, 77 палестиналыктын каза болгондугу, 108 кишинин жараланганы белгиленди.

Газа тилкесинде кол салуулар башталган 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 32 миң 782ге, жаралуулардын саны 75 миң 298ге жеткени билдирилди.

Израил армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын көптөгөн жерлерине кол салууларында 14 палестиналык каза болду.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда, Хан Юнустун чыгышындагы Бени Сухейла шаарына кол салууда 11 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши да жараланды.

Хан Юнустун батышындагы Мавасиде Израилдин артиллериялык чабуулунан улам бир эне жана баласы каза болду.

Бир тараптан Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө Газа өрөөнүнүн аймагына жакын жердеги бир үйдүн бутага алынышынын натыйжасында жараланган улгайган палестиналык да каза болду.



Тектеш кабарлар