Финляндия Украинага аскерлерин жөнөтүшү мүмкүн
Бул тууралуу Financial Times гезитине маек берген Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен билдирген.
Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен Украинага узак мөөнөттө аскер жибере аларын айтты.
Financial Times гезитине берген маегинде Валтонен:«Азыр аскерлерди жөнөтө турган учур эмес жана биз бул маселени азыркы этапта талкуулагыбыз да келбейт. Бирок узак мөөнөттүү келечекте, албетте, биз эч кандай мүмкүнчүлүктү жокко чыгара албайбыз»,-деп айтты.
Валтонен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Батыштын Украинага көрсөткөн колдоосунун чегине байланыштуу белгисиздикти жараткан мамилесин да жактырды.
Март айында Макрон Украинага аскерлерди киргизүү варианты да мүмкүн экенин айткан.
Бирок бул билдирүүдөн кийин НАТОго мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү аскерлерин жөнөтүү планы жок экенин билдиришти.
Макрондун демилгесин Балтика өлкөлөрү жана Польша колдоду.
Кийинчерээк Орусиянын Тышкы чалгын кызматы Франция Украинага 2 миң аскерин жөнөтүүгө камданып жатканын кабарлап, Кремль мындай аракеттердин «орду толгус» кесепеттери болорун эскерткен.
Тектеш кабарлар
Зеленскийге кол салууну пландаган тыңчылар кармалды
Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.
Хизбуллах Израилдин 2 аскерин өлтүрдү
Кол салууда запастагы эки аскер каза болуп, бир аскер жеңил жараат алды.