Дүйнө жүзүндө Палестина элине колдоо көрсөтүү демонстрациялары өтүүдө

Израилдин Газадагы кыргындарына каршы туруу үчүн дүйнө жүзү боюнча Палестина элине колдоо көрсөтүү демонстрациялары өтүүдө.

2122637
Дүйнө жүзүндө Палестина элине колдоо көрсөтүү демонстрациялары өтүүдө
pakistan karaci filistin destek.jpg
paris filistin destek.jpg
kanada filistin destek.jpg
isvec stockholm'de filistin'e destek.jpg

Израилдин Газадагы кыргындарына каршы туруу үчүн дүйнө жүзү боюнча Палестина элине колдоо көрсөтүү демонстрациялары өтүүдө.

Франциянын борбор шаары Париждин чет жакаларынын бири болгон Женвилье шаарчасынын тургундары Израилдин кол салууларында каза болгон балдарга көңүл бурду.

Женвильенин тургундары Газада өлтүрүлгөн балдар үчүн 13 миң палестинанын желегин тигишти.

Палестинадагы зулумдукка каршы Италиядан да колдоо билдирүүсү келди.

Сиена Чет элдиктер университети палестиналыктарга тилектештиктин атынан Орозо айттын биринчи күнү болгон 10-апрелде билим берүү иштерине тыныгуу берүү чечимин чыгарды.

Италиянын борбору Римде миңдеген адамдар Израилди «геноцидди токтотууга» чакырышты.

«Палестинага эркиндик» деген ураан чакырган демонстранттар өлтүрүлгөн ымыркайларды чагылдырган кепинге оролгон куурчактарды көтөрүп жүрүштү.

Канадада дагы Израилдин зулумдугуна каршы чыгуулар болду.

Торонтодо миңдеген адамдар көчөгө чыгып, Палестина элине колдоо көрсөтүштү. Демонстранттар палестиналыктардын өз жерине кайтып келүү укугунун символу болгон «алп ачкычты» көтөрүп жүрүштү.

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында да палестиналыктарды колдогон демонстрация өттү.

Миңдеген киши катышкан демонстрацияда Палестинага эркиндик үчүн чакырык жасалды.

Нидерландиянын борбор шаары Амстердамдагы палестиналык колдоочуларды жаан-чачындуу аба ырайы токтото алган жок.

Дам аянтына чогулган миңдеген киши Израилдин Газадагы кол салууларына нааразылык билдирип, борбордук темир жол бекетине чейин жүрүшкө чыгышты.

Швециянын борбор шаары Стокгольмдо чогулган 5 миңге жакын демонстранттар Израилден Газадагы согуш кылмышын токтотууну талап кылышты.

Германиянын борбору Берлинде «Согушка даяр болуу - мындан ары эч качан!» урааны менен уюштурулган «Пасха жүрүшүнө» 4 миңге жакын адам катышты.

Демонстранттар Украина жана Газада ок атышпоо жана дипломатиялык чечим табуу аракетин көрүүгө чакырып, Украина менен Израилге курал-жарактын берилбешин талап кылышты.

Иорданияда Израилдин Аммандагы элчилигинин жанында Газадагы палестиналыктарга тилектештик үчүн уюштурулган демонстрациялар бир жумадан бери уланууда.

Палестина элине колдоо билдирүүсүн берген демонстранттар Израилдин Аммандагы элчилигин жабуу талабын кайталашты.

Пакистандын Карачи шаарында миңдеген адамдар Палестинаны колдоо демонстрациясына чогулушту. Палестинанын желектерин көтөргөн катышуучулар ураандар менен Израилдин Газага кол салууларына кыжырдангандыктарын билдиришти.



Тектеш кабарлар