Индиянын деңиз флоту каракчылар туткунга алган экипажды куткарды

Индиянын деңиз флоту Араб деңизинде каракчылар тарабынан туткунга алынган, Иран желеги илинген балык уулоочу кемени жана  23 Пакистан жараны болгон  экипажды  куткарганын жарыялады

2122426
Индиянын деңиз флоту каракчылар туткунга алган экипажды куткарды

Индиянын деңиз флоту Араб деңизинде каракчылар туткунга алган, Иран желеги илинген балык уулоочу кемени жана  23 Пакистан жараны болгон  экипажды  куткарганын жарыялады.

Деңиз күчтөрүнүн X социалдык медиа платформасында жасаган билдирүүсүндө куткаруу операциясы жана куткарылган балыкчы кемеси тууралуу маалыматтар орун алды.

Билдирүүдө Иран желеги илинген "FV Al-Kambar" аттуу кеменин  9 куралдуу каракчы тарабынан колого түшүрүлүшү менен деңиз флотунун куткаруу операциясынын негизинде  2 кемени милдеттендиргендиги белгиленди. 

Билдирүүдө болжол менен 12 саатка созулган операциядан кийин кемедеги каракчылардын багынгандыгы, 23 пакистандык жарандан турган экипаждын куткарылганы маалымдалды.

Билдирүүдө балык уулоочу кеменин коопсуз аймакка алып баруу үчүн деңиз күчтөрүнөн эксперттик топтор тарабынан комплекстүү тазалоо жана көзөмөлгө алынгандыгы билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар