Бразилияда бийик имаратта өрт чыкты

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби изилденүүдө.

2122348
Бразилияда  бийик имаратта өрт чыкты

Бразилиянын Ресифи шаарындагы бийик  имаратта өрт чыкты.

Бул тууралуу Nexta TVнын Х эсебинен CNN Бразилия  булак катары көрсөтүлүп берилген маалыматка караганда өлкөнүн түндүк  - чыгыш жээгиндеги Ресифе шаарында өрт чыккан бийик имарат өрткө багынды. 

Бөлүшүлгөн видео  өрттүн  имаратты астыңкы кабаттан жогорку кабаттарга чейин курчаганы байкалууда.

Алгачкы маалыматтарга караганда каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Timesnow басылмасынын маалыматына караганда, имараттан түшкөн таштандылардан улам айланадагы имараттардын электр жарыгы өчүрүлүп, имараттар эвакуацияланды.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби изилденүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар