Кытай атмосфера жана космостук байкоо спутниктерин учурду

Синьхуа маалымат агенттигинин кабарына караганда "Юнхай  - 2 03" спутниктери  "Long March 6" ракетасы менен өлкөнүн түндүгүндөгү Шанси провинциясындагы Тайюен спутник борборунан учурулду.

2120970
Кытай  атмосфера жана космостук байкоо спутниктерин учурду

Кытай атмосфера жана космосту байкоодо колдонулган «Юнхай-2» спутниктеринин үчүнчү тобун космоско жөнөттү.

Синьхуа маалымат агенттигинин кабарына караганда "Юнхай  - 2 03" спутниктери  "Long March 6" ракетасы менен өлкөнүн түндүгүндөгү Шанси провинциясындагы Тайюен спутник борборунан учурулду.

Учурулгандан кийин пландалган орбиталык позицияларына орношкону билдирилген спутниктердин атмосфералык жана деңиз чөйрөсүн байкоо жана космос чөйрөсүн изилдөө үчүн колдонула турганы белгиленди.

Учуруу "Long March" ракеталары менен аткарылган  514 -  ийгиликтүү ташуу миссиясы болду.

Шанхай космостук технологиялар академиясы (SAST) тарабынан иштелип чыккан спутниктердин илимий изилдөө жана кырсыктарды алдын алуу максатында экендиги билдирилсе да айрым   батыштык адистер спутниктердин аскердик максатта  метеорологиялык божомолдордо  колдонуу  үчүн иштелип чыкканын айтышууда.

«Юнхай-2» спутниктеринин биринчи тобу 2018-жылы, экинчи тобу 21 - мартта  учурулган.

 



Тектеш кабарлар