Эрдоган партиясынын Диярбакырдагы митингинде террор менен күрөшкө токтолду

Президент Режеп Таййип Эрдоган жикчил террордук уюм ПККны  өлкө чектеринин ичинде кыймылдай албай турган абалга алып келгендерин айтты.

2121144

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери да болгон президент Эрдоган, партиясынын Диярбакырдагы митингинде террор менен күрөшкө токтолду.

«Улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоп жатып кимдир бирөөнүн куйругун бассак,  дароо ПККга кайрылышууда.  Биз ДЕАШ деп аталган империалисттик куклага көз ачтырбайбыз»,-деген Эрдоган ПККны өлкө чек арасында кыймылдай албай турган абалга келтиргендерин баса белгиледи.

Эрдоган : "Биз этап-этабы менен чек араларыбыздан тышкары жерлерди да көзөмөлгө алуудабыз.  Бирок бул абал  каалагандардын баарынын өлкөбүзгө жана улутубузга каршы колдоно турган курал экенин өзгөртпөйт. Айланабыздагы өлкөлөрдүн көбү кан жана от чамбарында биздин коопсуздугубузду, тынчтыгыбызды, бейпилдигибизди, стабилдүүлүктү жана бакубат жашообузду бузууга аракет кылгандарга  эч качан жол берген жокпуз" ,- деди. 

Тектеш кабарлар