Бельгияда дыйкандар көчөлөрдү согуш талаасына айландырды

Полициянын тосмолоруна саман жана малдын кыгын чачкан дыйкандар, жумуртка жана түтүн бомбаларын ыргытып, жыгач тактайларды өрттөштү.

2120883
Бельгияда дыйкандар көчөлөрдү согуш талаасына айландырды
belcika ciftci protesto.jpg
belcika ciftci protestolari.jpg
belcika'da ciftci protestolari.jpg
bruksel ciftci protestolari.jpg

Бельгияда дыйкандар, Европа Биримдигинин (ЕБ) айыл чарба саясаттарына каршы нааразылык билдирүү үчүн үчүнчү жолу борбор шаар Брюсселге чогулушту.

Дыйкандар Евробиримдиктин айыл чарба министрлери иштеген имарат жайгашкан көчөнү кыймылга жабышты. Полициянын тосмолоруна саман жана малдын кыгын чачкан дыйкандар, жумуртка жана түтүн бомбаларын ыргытып, жыгач тактайларды өрттөштү.

Полиция болсо митингчилерге жогорку басымдуу суу колдонду.

Бир канча фермер да тракторлору менен Европарламенттин (ЕП) алдындагы Люксембург аянтын тосушту.

Дыйкандар ЕБнин айыл чарба саясатын өзгөртүүнү, Түштүк Америка жалпы рыногу (MERCOSUR) сыяктуу эркин соода келишимдерин токтотууну жана адилеттүү баа саясатын талап кылышууда.



Тектеш кабарлар