Армения орус чек ара коргоочуларынын аэропорттон чыга тургандыгын билдирди

Армения парламентинин спикери Ален Симонян орус чек арачыларын Звартноц эл аралык аэропортунан чыгаруу макулдашылган маселе экенин айтты.

2121167

Айрымдарынын  бул процессти «мамлекеттер аралык келишимди бузуу» катары көрсөтүүгө аракет кылганын белгилеген Симонян, бул келишимдин министрлер деңгээлинде жасалганын жана бул аймактагы армян чек арачыларына жардам берүүнү максат кылганын баса белгиледи.

Симонян учурда армян чек арачыларына муктаждыктын жок экенин, 1 - августтан тарта орус чек арачылары Звартноц эл аралык аэропортунан чыга тургандыгын айтты.

Симонян орус чек арачыларынын  Армения - Түркия чек арасынан да чыга тургандыгына байланыштуу  айтылгандарды  четке какты.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Россияга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, армян чек арачылары мындан ары өз милдеттерин өз алдынча аткарууга даяр экенин билдирген.

Россиянын президенттик сарайы  Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Ереван бул чечимди Москвага кат түрүндө билдиргенин белгилеген. 

Тектеш кабарлар