Колумбиянын президенти Газаны Хиросимага окшоштурду

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесиндеги кол салууларында көбү балдардан турган 32 миңден ашуун палестиналык каза болду.

2120283
Колумбиянын президенти Газаны Хиросимага окшоштурду

Колумбиянын президенти Густаво Петро, Израилдин кол салууларынан жапа чеккен Газа тилкесинде 32 миңден ашуун кишинин каза тапканын белгилеп, аймактагы окуяларды атомдук бомба ташталган Япониянын Хиросима шаарына окшоштурду.

Газада ачарчылыктан өлүп жаткан палестиналыктардын кабарын X социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн Петро: «Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Хиросимага атомдук бомба таштаганда (1945-ж. август) ал жерде 77 миңден ашык адам каза болгон. Бүгүнкү күндө Япониядан бир топ кичинекей өлкөдө Палестинада, б.а Хиросимадан дагы кичинекей шаарда; Газадагы бомбалоодон 32 миңден ашуун адам каза тапты. Окшош окуя»,-деп айтты.

Газадагы кыйроого көңүлдөрдү бурган Петро: «Дүйнөнүн чоң борборлору, адамзатка өз буйруктарын таңуулоо үчүн эбегейсиз аскердик күчтөрүн жумшап жатат»,-деди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесиндеги кол салууларында көбү балдардан турган 32 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар