Гутерриш: "Израиль Газага гуманитардык жардамдардын жеткирилишин жеңилдетиши керек"

БУУнун басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак күнүмдүк маалымат жыйынында билдирүү жасады.

2120254
Гутерриш: "Израиль Газага гуманитардык жардамдардын жеткирилишин жеңилдетиши керек"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш: «Израиль Газага гуманитардык жардамдардын жеткирилишин жеңилдетиши керек»,- деди.

БУУнун басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак күнүмдүк маалымат жыйынында, Гутерриштин Израилдин БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (UNRWA) азык-түлүк жардам конвойлорунун Газанын түндүгүнө киришине уруксат бербөө чечимине капа болгонун айтып, аймактагы ар бир 10 адамдын 7синин ачарчылыктын босогосунда турганын эскертти.

Хак Гутерриштин Израилден чечимин тез арада жокко чыгарууну талап кылганын белгилеп: «Башкы катчы UNRWAнын Газадагы гуманитардык жардам үчүн маанилүү экенин баса белгиледи»,-деди.

Гутерриштин: «Израиль Газага гуманитардык жардамдардын жеткирилишин жеңилдетиши керек»,-дегенин билдирген Хак, гуманитардык жардамдын Газага тез арада жана дароо бөлүштүрүлүшүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады.

UNRWAнын башкы комиссары Филипп Лазарини, Израилдин Газанын түндүгүнө UNRWAнын азык-түлүк жардам кербендеринин киришине уруксат бербей турганын жарыялаганын кабарлаган.

Израилдин 7-октябрдан бери аймактагы кол салууларында көбү балдардан турган 32 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар