Бельгияда ПКК провокациясы

150 кишилик жикчил террордук уюмдун жактоочулары Люксембург аянтында кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө Европа Парламентинин имаратынын алдында чогулушту.

2120141
Бельгияда ПКК провокациясы

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Парламентинин (ЕП) алдына чогулган жикчил террордук уюм ПККнын жактоочулары баш - аламандык чыгарып, баррикадаларды бузуп, полицияга кол салышты.

150 кишилик жикчил террордук уюмдун жактоочулары Люксембург аянтында кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө Европа Парламентинин имаратынын алдында чогулушту.

Уюмдун символу болгон кездемелерди жана башчыларынын портреттери менен Түркияга каршы ураандар менен жүргөн топ бир канча убакыттан кийин баш  -  аламандык чыгарды.

Аянтты курчаган баррикадаларды бузган топ аларды полицияга карай ыргытты. Полиция отургуч жана таштар менен да кол салган жикчил террордук уюдун жактоочуларына көздөн жаш агызуусу газ колдонду.

Алгач Түркиянын Брюсселдеги элчилиги жайгашкан көчөгө, андан  кийин  Европа Биримдигинин мекемелери жайгашкан Шуман аянтына өтүүнү каалаган калың топ полициянын тоскоолдуктарына туш болду.



Тектеш кабарлар