Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израиль түн ичинде Газа тилкесинин ар кайсы жерлерин, өзгөчө Шифа ооруканасынын айланасын жана Дейр ал-Белах, Кувейт кесилиш жолу, Рефах шаары жана Хан Юнустун чыгыш аймактарын бутага алды.

2119700
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израилдин Газа тилкесиндеги Шифа ооруканасынын айланасына жана башка аймактарга кол салууларында арасында балдар жана аялдар да болгон ондогон палестиналык каза таап, жаракат алды.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын жергиликтүү булактарга таянган кабарына караганда, Израиль түн ичинде Газа тилкесинин ар кайсы жерлерин, өзгөчө Шифа ооруканасынын айланасын жана Дейр ал-Белах, Кувейт кесилиш жолу, Рефах шаары жана Хан Юнустун чыгыш аймактарын бутага алды.

Израилдин аскердик унаа, танк жана согуштук учактар ​​менен Газанын батышындагы Шифа ооруканасынын айланасын бутага алышынын натыйжасында ондогон палестиналык каза болуп, жаракат алды.

Израиль аскерлери үн күчөткүч аркылуу палестиналыктардын Шифа ооруканасынан тез арада чыгып кетишин талап кылышты.

Израилдин согуштук учактарынын Газа тилкесиндеги Дейр ал-Белах шаарындагы бир үйгө абадан кол салуусунун натыйжасында болсо 18 киши каза болду.

Дейр эл-Белахтын Ел-Хикир аймагындагы кол салууда да көп сандаган киши жараланды.

Израиль аскерлери Кувейт кесилиш жолунда гуманитардык жардамдарды тараткан комитеттерди да бутага алды.

Израилдик согуштук учактардын Рефах шаарынын борборундагы Йебна качкындар лагеринде бир үйдү бутага алуусунда көп сандаган киши каза болду жана жараланды.

Кувейт ооруканасынын саламаттыкты сактоо кызматкерлери, Израилдин лагердеги үйлөрдү бомбалоосунун натыйжасында каза болгон жана жаралангандардын ооруканага жеткирилгенин билдиришти.

Израилдин Дейр эл-Белахты бомбалоосунун натыйжасында каза болгондордун саны 10го жеткенде урандылардын астында көп сандаган кишинин калганы маалымдалды.  



Тектеш кабарлар