Францияда террор эскертүүсү
Орусияда жума күнү кечинде 137 адамдын өмүрүн алган кол салуудан улам өлкөдөгү террор эскертүүсү эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү.
Францияда террор эскертүүсү эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү.
Орусияда жума күнү кечинде 137 адамдын өмүрүн алган кол салуудан улам өлкөдөгү террор эскертүүсү эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү.
Франциянын премьер-министри Габриэль Аттал, президент Эммануэль Макрондун төрагалыгы астында өткөн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйынынан кийин X баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «(Москвадагы) кол салуу үчүн жоопкерчиликти ДЕАШ алгандыгы жана өлкөбүзгө болгон коркунучтарды эске алып, улуттук коопсуздук боюнча эскертүү системасын эң жогорку деңгээлге көтөрүүнү чечтик», - деди.
Франциянын борбор шаары Парижде 2015-жылы ДЕАШтын удаама-удаа жасаган кол салууларынан 130 киши каза болуп, өлкөдө бир нече айга созулган өзгөчө абал жарыяланган.
Тектеш кабарлар
Бангладеште чагылгандын кесепетинен каза болгондор
Жетекчилер чагылгандын кесепетинен апрель айында 31, май айында 43 адамдын каза тапканын жарыялашты.
Евровидениеде Израилге реакциялар
Израилдик ырчы Эден Голан 11-майда "Евровидение" сынагынын жарым финалында ат салышат.