Зеленский: «Путин терактты Украина менен байланыштырууга аракет кылып жатат»

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык медиа эсебинде бөлүшүлгөн видео билдирүүсүндө Украинанын жарандарына кайрылуу жасады.

2119353
Зеленский: «Путин терактты Украина менен байланыштырууга аракет кылып жатат»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин Москвадагы терактты Украина менен байланыштырууга аракет кылганын билдирди.

Зеленский социалдык медиа эсебинде бөлүшүлгөн видео билдирүүсүндө Украинанын жарандарына кайрылуу жасады.

Зеленский сөзүндө Путиндин 22-март күнү кечинде борбор калаа Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактты уюштургандардын Украина тарапка качууга аракет кылганы жөнүндөгү билдирүүсүнө баа берди.

Путин жана башка орус жетекчилердин кол салуу үчүн Украинаны күнөөлөөгө аракет кылганын жана буга чейин да ушундай кадамдарды жасаганын белгилеген Зеленский : «(Орустар) ар дайым бирдей ыкмаларды колдонушат»,- деди.

Зеленский орус армиясын Украинага жана бул өлкөдө жашаган элге каршы «террордук актыларды» жасап жатат деп айыптады.

«Алар бул жердеги жүз миңдеген террористтерди Украинанын аймагына кууп чыгышты, алар бизге каршы согушуп жатышат жана өз өлкөсүндө эмне болуп жатканы аларга кызыкдар эмес»,-деп айткан Зеленский өз билдирүүсүндө Путинди орус жарандарына көңүл буруп, аларга кайрылуунун ордуна, бир күн унчукпай, кол салуу маселесин Украинага кантип жеткирүүнү ойлонгону үчүн айыптады.

Орус эли Украинада каза болгон орус аскерлери үчүн Путинди жоопко тартпаса, Путин бул абалды өз кызыкчылыгына колдоно турганын белгилеген Зеленский : «Террористтер ар дайым утулушу керек жана чындап жанды коргогон ар бир адамга ыраазычылык билдирем»,-деп айтты.

22-март күнү кечинде Москвадагы Crocus City Hall концерттик залында куралчан адамдар тарабынан теракт жасалган.

Кол салгандар залда автоматтар менен туш келди ок чыгарышкан.

Концерттик зал жайгашкан имараттын чатырынан өрт чыгып, бир аздан кийин чатыры кулап түшкөн.

Орус бийликтери кол салуудан 133 киши каза болгонун жарыялады. Окуяда 100дөн ашуун кишинин жаракат алганы жарыяланды.

Орусиянын президенти Владимир Путин кол салууну уюштурган 4 террорист менен бирге 11 кишинин кармалганын билдирди.



Тектеш кабарлар