Украина Орусиянын 2 кемесине сокку урду

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө Украина армиясынын Кара деңизде орус деңиз күчтөрүнө карай чабуул жасаганы белгиленди.

2119499
Украина Орусиянын 2 кемесине сокку урду

Украина армиясы Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланган Крым жарым аралында орус деңиз флотунун «Ямал» жана «Азов» десанттык кемелерине сокку урду.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө Украина армиясынын Кара деңизде орус деңиз күчтөрүнө карай чабуул жасаганы белгиленди.

Украина армиясынын Крымда орус деңиз флотуна жана түрдүү аскердик инфраструктураларга кол салганы белгиленген билдирүүдө: «Украинанын Коргоо күчтөрү оккупацияланган Севастопольдогу «Ямал» жана «Азов» ири десанттык кемелерине, убактылуу оккупацияланган Севастопольдогу Орусиянын Кара деңиз флотунун байланыш борборуна жана ар кандай инфраструктуралык объектилерине ийгиликтүү сокку урду»,-деп айтылды.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевди НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.



Тектеш кабарлар