Россиядагы концерт залына жасалган кол салууда 60тан ашуун киши каза болду
Россиянын Тергөө комитети Москвадагы теракттан 60тан ашуун адамдын каза болгонун жана каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин жарыялады.
Россияда концерт залында жасалган куралдуу кол салууда 60тан ашуун киши каза болуп, 115 киши жараланды.
Россиянын Тергөө комитети Москвадагы теракттан 60тан ашуун адамдын каза болгонун жана каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин жарыялады.
Комитеттин билдирүүсүндө окуя болгон жерде адистердин ишин улантып жаткандыгы белгиленди.
Билдирүүдө каза болгондордун сөөктөрү текшерилип, "Террордук кол салуудан 60тан ашуун кишинин каза болгону аныкталды. Тилекке каршы, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн",-деп айтылды.
Билдирүүдө окуя болгон жерден курал - жарак жана ок - дарылар менен кошо бардык далилдердин конфискациялангандыгы, генетикалык, баллистикалык жана манжа издери боюнча экспертизалар жүргүзүлүп, камеранын бардык кадрлары алынып, текшерилгени белгиленди.