АКШ хуситтерге таандык 4 учкучсуз учуучу аппаратты атты
Америка Кошмо Штаттары Йемендеги Иран колдогон хуситтерге таандык 4 учкучсуз учуучу аппаратка каршы «коргонуу чабуулун» жасаганын жарыялады.
Америка Кошмо Штаттары Йемендеги Иран колдогон хуситтерге таандык 4 учкучсуз учуучу аппаратка каршы «коргонуу чабуулун» жасаганын жарыялады.
АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) X социалдык медиа платформасынан бул тууралуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө АКШнын кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 04.22-23.10 арасында Йеменде хуситтерге таандык 4 учкучсуз учуучу аппаратка каршы «коргонуу чабуулу» жасалганы билдирилди.
Ошол эле учурда Йемендеги хуситтердин көзөмөлүндөгү аймактардан Кызыл деңизди көздөй 4 кемеге каршы баллистикалык ракетанын атылганы жарыяланып, АКШ кемелерине эч кандай зыян келтирилбегени белгиленди.
Билдирүүдө Йемендеги хуситтерге таандык 3 жер астындагы объектке да «коргонуу чабуулу» жасалганы белгиленди.
Объекттердин АКШ, коалиция күчтөрү жана соода кемелери үчүн коркунуч туудурганы белгиленип : "Бул аракеттер күчтөрүбүздү коргоо, навигация эркиндигин камсыз кылуу жана эл аралык сууларды АКШ, коалиция жана соода кемелери үчүн коопсуз абалга алып келүү үчүн керек",- деп айтылды.