Песков : "Батыш Кытайга кысым жасоодо"

Дмитрий Песков  бейшемби күнү  Кытай банктарынын айрымдарынын Россиядан төлөмдөрдү кабыл албагандыгын айтып  Пекиндин АКШ жана Европа Биримдигинен кысым көрүп жаткандыгын билдирди.

2119018
Песков : "Батыш Кытайга кысым жасоодо"

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков  бейшемби күнү  Кытай банктарынын айрымдарынын Россиядан төлөмдөрдү кабыл албагандыгын айтып  Пекиндин АКШ жана Европа Биримдигинен кысым көрүп жаткандыгын билдирди.

Песков күнүмдүк телефон конференциясында журналисттерге : «Шексиз, АКШ менен Европа Биримдигинин Кытай Эл Республикасына карата, биз менен болгон карым  - катнаштары ба болгон түрдүү темаларда кысымы уланууда», - деди.

Песков өзгөчө : «Бул албетте белгилүү маселелерди жаратууда бирок соода жана экономикалык карым  - катнаштарыбыздын келечектеги өнүгүшү үчүн токоол боло албайт»,- деди.

Орус ишкерлери кытай банктары менен болгон операцияларында көйгөйлөргө туш боло башташты. АКШ банктары Россия менен соодалашууда ортомчулук кыла турган болсо  экинчи даражадагы санкцияларды салуу менен коркутууда.  

«Известия» гезити бейшемби күнү Кытай банктары Ping An Bank жана Bank of Ningboнун Россиядан Кытай валютасы менен төлөмдөрдү токтотконун билдирди. Гезит өзгөчө DBS Bank, Great Wall West China Банк жана China Zheshang Банктын Россия менен операцияларга айрым чектөөлөрдү киргизгендигин жазды.



Тектеш кабарлар