Нигерияда жетекчилерге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды

Президент Бола Ахмед Тинубу, экономикалык кыйынчылыктардын себебинен министрлердин жана берки мамлекеттик кызматкерлердин мамлекет тарабынан каржыланган чет өлкөгө саякаттарына тыюу салды.

2118713
Нигерияда жетекчилерге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды

Экономикалык кризис менен күрөшүп жаткан Нигерияда мамлекеттик кызматкерлерге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды.

Президент Бола Ахмед Тинубу, министрлердин жана берки мамлекеттик кызматкерлердин мамлекет тарабынан каржыланган чет өлкөгө саякаттарына экономикалык кыйынчылыктардын себебинен тыюу салды.

Президент Тинубунун жеке катчысы Феми Гбажабиамила, 3 ​​айлык саякатка тыюу салуунун 1-апрелден тарта күчүнө кирерин билдирди. Нигериянын «учурдагы экономикалык кыйынчылыктары жана жоопкерчиликтүү каржылык башкаруу муктаждыгынан» улам тыюу салынганын жана чыгымдарды азайта турганын белгилеген Гбажабиамила, бошотуулар үчүн президенттин уруксатынын талап кылынарын айтты.

Президент Тинубу жана анын администрациясы чет өлкөгө бат-баттан барганы үчүн сынга алынган. Президент Тинубу май айында кызматка киришкенден бери чет өлкөгө 15тен ашык сапар жасаган.

Тинубу январь айында сапарлардагы расмий делегациялардын санын, анын ичинде өз тобун кыскартуу менен 60 пайызга азайтканын жарыялаган.



Тектеш кабарлар