Германияда нацистикке каршы жүрүш өткөрүлдү

Түндүк Рейн - Вестфалия (NRW) штатынын эң чоң шаары Кельндо 6 башка жерде башталган жүрүшкө миңдеген киши расизмге каршы баннерлерди көтөрүп, ураандар менен катышты.

2118810
Германияда  нацистикке каршы жүрүш өткөрүлдү

Германиянын Кельн шаарында «21-март Эл аралык расалык дискриминацияны жок кылуу күнүнө» карата расизмге каршы жүрүш өткөрүлдү.

Түндүк Рейн - Вестфалия (NRW) штатынын эң чоң шаары Кельндо 6 башка жерде башталган жүрүшкө миңдеген киши расизмге каршы баннерлерди көтөрүп, ураандар менен катышты.

«Кельн бир позицияда» деген ураан менен уюштурулган жүрүштөн кийин сүйлөнгөн сөздөрдө  чет элдик жана мусулмандарга каршы деп билинген  Германия үчүн Альтернативдик партиянын (AfD) саясатчылары менен австриялык ашынган оңчул Мартин Селнердин миллиондогон чет элдиктин Германиядан депортацияланышын  күткөн план боюнча   Потсдам шаарында өткөрүлгөн жашыруун сүйлөшүүлөр сынга алынды. 

Сүйлөнгөн сөздөрдө ашкере оңчул Альтернативдик партиянын (AfD) кыймылдары сынга алынды жана коомчулуктун бүтүндүгүнө зыян бере турган бул партияга тыюу салынышын суранды. 

"21 -  Март эл аралык расалык дискриминацияны жок кылуу күнүнөн» ула уюштурулган жүрүштө көп сандаган полиция милдеттендирилди. 

 



Тектеш кабарлар