Боррелл : "Европа Биримдигинин жарандары Донбасс үчүн өлбөйт"

Февраль айынын акырында Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага аскер жиберүүнүн бир ыктымалдуулук экендигин айткан.

2118995
Боррелл : "Европа Биримдигинин жарандары Донбасс үчүн өлбөйт"

Европа дипломатиясынын шефи Жозеп Боррелл Европа Биримдигинин Россия  -  Украина согушуна катышпагандыгын жана жарандарын Донбасс үчүн согушууга жиберүү ниетинин жок экендигин айтты.

«Апыртпашыбыз керек, согуш болбойт. Тынчтык ичинде жашап жатабыз. Украинаны колдойбуз. Биз бул согуштун бир бөлүгү эмеспиз»,- деген Боррелл элди керексиз дүрбөлөңгө салбоого чакырды.

Европа Биримдигинин Брюсселдеги саммитинде сөз сүйлөгөн Боррелл сөздөрүнө буларды кошумчалады : «Украинага жардам берүү берүү керек. Муну айтып жатабыз бирок  Донбасс үчүн өлүүдөн сөз кылган жокпуз. Украиналыктар Донбасста өлтүрүлбөшү үчүн жардам берүүбүз керек же бомбалоого дуушар болгондо Киевде өлбөшү керектигин айтып жатабыз»

Борреллдин сөздөрүнө  Россия Федерациясынын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захаровадан жооп келди. Захарова Телеграм каналында : «Анткени өлгөндөр экинчи жолу өлбөйт»,- деп жазды.

Февраль айынын акырында Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага аскер жиберүүнүн бир ыктымалдуулук экендигин айткан.

 



Тектеш кабарлар