Армения Москвага альтернатив издеп жатат

Италия менен Армениянын ортосунда аскердик кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду.

2119024
Армения  Москвага альтернатив издеп жатат

Италия менен Армениянын ортосунда аскердик кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду. Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрү Италиянын борборунда 19 – 20 - март күндөрү өттү. Армения делегациясынын башчысы Армениянын Коргоо министрлигинин Коргоо саясаты жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Левон Айвазян болду.

Кеңешүүлөрдүн негизинде  армян тарап араларында Италиянын Коргоо министрлиги кеңсесинин  директорунун орун басары жана Аскердик саясат бөлүмүнүн башчысы генерал-майор Энрико Бардуани жана башкы штабдын Эл аралык карым  - катнаштар мекемесинин төрагасы Маттиа Зуцци да болгон Италия өкүлдөрү менен  коргонуу тармагындагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектеги аспектилерин талкуулашты.

Левон Айвазян Армениядагы коопсуздук абалы жана Куралдуу күчтөрдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. Жолугушуудан кийин тараптар бир жылдык аскердик кызматташтык келишимине кол коюшту.

Буга чейин Армения парламенти Армения жана Азербайжан менен чек арадагы Европа миссиясынын жарандык байкоочуларынын макамы тууралуу келишимди жактырган. Келишимге ылайык, байкоочуларга Арменияда аккредиттелген дипломаттарга берилген укуктар жана артыкчылыктар берилет.

Андан тышкары, Ереван Европа Биримдигине кирүү процессин баштоого даяр экенин билдирди.



Тектеш кабарлар