Вьетнамдын мамлекет башчысынын отставкага кеткендиги билдирилди

Vietnam Newsтын интернет сайтынан берилген кабарга караганда Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети бул тууралуу маалымат берди.

2118157
Вьетнамдын мамлекет башчысынын отставкага кеткендиги билдирилди

Түштүк Чыгыш Азия өлкөсү Вьетнамда мамлекет башчысы Во Ван Тхуонгдун отставкага кеткендиги билдирилди. 

Vietnam Newsтын интернет сайтынан берилген кабарга караганда Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети бул тууралуу маалымат берди. 

Билдирүүдө Во Ван Тхуонгдун партиянын жоболорун «бузгандыгы» жана бул абалдын терс коомдук пикирди пайда кылганы, партиянын, өлкөнүн жана Тхуонгдун «аброюна таасирин тийгизгени» белгиленди.

Билдирүүдө партиянын жана мамлекеттин негизги жетекчилеринин бири экендиги белгиленген Тхуонгдун кызматтан өз каалоосу менен баш тартканы жана Борбордук Комитеттин отставканы кабыл алгандыгы маалымдалды. 

Билдирүүдө, Тхуонгдун президент болуу менен бирге Вьетнамдагы чечимдерди кабыл алуучу жогорку орган катары белгилүү болгон 16 мүчөдөн турган Саясий бюронун мүчөсү, партиянын борбордук комитетинин мүчөсү, жана 2021 - 2026 - жылдар үчүн  Улуттук коргоо жана коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынын да кырына чыккандыгы билдирилди. 

Вьетнамда 2023 - жылы январда   Нгуен Суан Фук президенттик кызматтан кеткенден кийин  2023 - жылдын март айында өткөн Вьетнам Улуттук Парламентинин добуш берүүсүндө  Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин талапкери Во Ван Тхуонг өлкөнүн жаңы мамлекет башчысы болуп шайланган. 

Өлкөнүн түштүгүндөгү Вин Лонг аймагында төрөлгөн 54 жаштагы Тхуонг философия боюнча магистр даражасына ээ.

 



Тектеш кабарлар