Шойгу батыш Украина боюнча абдан тынчсызданууда

Шойгу борбор шаар Москвада Коргоо министрлигинин жетекчилери менен жолугушуудан мурда сөз сүйлөдү.

2118060
Шойгу батыш Украина боюнча абдан тынчсызданууда

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу быйыл Украинада 4 Абрамс жана 5 Леопард танкы жана 5 Патриотту жок кылгандарын айтты.

Шойгу борбор шаар Москвада Коргоо министрлигинин жетекчилери менен жолугушуудан мурда сөз сүйлөдү.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жана анын спутниктеринин орус армиясынын Украинадагы ийгиликтеринен абдан тынчсызданганын баса белгилеген Шойгу:«Алар үчүн Украинанын Куралдуу күчтөрүн көбүрөөк каражат, курал жана ок-дары менен камсыздоо зарылдыгын батыш коомуна түшүндүрүү барган сайын кыйын болуп баратат. Ушундай болуп жаткан учурда украин армиясынын жетекчилиги өзүнүн калган резервдик бөлүктөрүн жаңжалдарга жөнөтүүгө жана чет элдик техниканын эң кымбат моделдерин колдонууга аргасыз болууда», - деди.

Кагылышуулардын Украинанын пайдасына өзгөрбөгөнүн белгилеген Шойгу, жыл башынан бери АКШдан чыккан 4 Абрамс танкы, Германиядан 5 Леопард танкы, 27 АКШнын Брэдли броне унаасы, 6 HIMARS учуруу системасы жана 11 абадан коргонуу ракеталык системалар, анын ичинде 5 Патриот жок кылынганын белгиледи.

Шойгу: «Жалпысынан бул мезгилде Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 71 миң кишиден жана 11 миң түрдүү куралдан ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 эсеге көп»,-деп айтты.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.



Тектеш кабарлар