Португалияда оңчул лидер Монтенегро премьер - министр болуп дайындалды

Португалиянын президенти Марсело Ребело де Соуса 10 - марттагы эрте шайлоодон кийин оңчул партиялардын альянсы болгон Демократиялык альянстын (АД) лидери Луиша Монтенегрону премьер-министр кылып дайындады.

2118315

Эрте шайлоонун жыйынтыыгнда  230 орундуу парламентте  80 депутат менен биринчи партия болгон Демократиялык альянстын жана Социал демократ партиянын лидери  51 жаштагы Монтенегро Португалиянын жаңы премьер  - министри болду. 

Президенттик аппараттын расмий сайтында жарыяланган жазуу түрүндөгү маалыматта: «10-марттагы шайлоого катышкан жана парламентте өкүлдөрү болгон саясий партиялардын лидерлери менен жолугушууларды өткөргөн  президенттин  Социалисттик партиянын башкы катчысынын оппозициянын лидери катары калуусун бекитиши менен  Демократиялык альянстын лидери Луис Монтенегрону  24 - өкмөттүн премьер-министри кылып дайындагандыгы билдирилди.

Жаңы мыйзам чыгаруу мезгилинде керек болсо  2025 -  жылдын бюджети жана керек болсо айрым мыйзамдардын чыгарылышында  Демократиялык альянстын ашыкча оңчул партия Чега партиясына муктаж болору жана 50 депутаттан турган партияны көз жаздымда калтыруу мүмкүн эместиги айтылууда. 

Чега лидери Андре Вентура да өкмөттө орун алуу үчүн    Демократиялык альянска кысым көрсөтүүнү улантууда.

Тектеш кабарлар