Ооганстанда жанкечтилик кол салуу болду
3 киши каза болуп, 12 киши жараат алган кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.
2118327
Ооганстандын Кандагар провинциясында жанкечтинин кол салуусунан 3 киши каза болду.
Кандагар коопсуздук башкармалыгынын билдирүүсүндө, эртең менен Кабул банкынын Кандагар филиалынын жанында жанкечтилик кол салуу болгондугу кабарланды.
3 киши каза болуп, 12 киши жараат алган кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.